-
кыймыл
-
зат. 1. Кандайдыр бир ишти иштөө максатында кылынган аракет, аракет болуп турган абал. Колхозчулардын бүгүнкү кыймылы дегеле жандуу (Каимов). Курт-кумурска да чээнден чыгып кыймылга келди (Убукеев). Моторлорго от берилип, дөңгөлөктөр кыймылга келди (Убукеев). Таңкы зарядка ойногон кара тоголок жаш балдардын кыймылы Айшага абдан жакты (Абдумомунов).
2. Белгилүү бир максатты көздөгөн коомдук иш, аракет. Андрейдин келиши менен революциячыл иш, кыймыл жандана түшкөндөй болду (Сасыкбаев). Ташкент пролетарлары... ..жазалоочу экспедициянын революциячыл кыймылды.. биротоло басып ташташына мүмкүндүк бербеди (Абдукаримов).
Негизги мүнөздөмөлөрү |
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | кыймыл |
Көптүк сан | кыймылдар |
Жөндөлүшү - "кыймыл"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
Атооч Ким? Эмне? | кыймыл |
Илик Кимдин? Эмненин? | кыймылдын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | кыймылга |
Табыш Кимди? Эмнени? | кыймылды |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | кыймылда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | кыймылдан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
Атооч Кимдер? Эмнелер? | кыймылдар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | кыймылдардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | кыймылдарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | кыймылдарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | кыймылдарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | кыймылдардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр: