Меню
Эл-Сөздүк

кызыл

сын. 1. Кандын ыраңындай түс. Алдынкы кызыл желектүү машинадагылар тоону жаңыртып ырдашты (Сасыкбаев).
  1. 2.           Революциялык кыймылга тийиштүү, совет өкмөтүнө, советтик түзүлүшкө байланыштуу адамдар (көбүнчө көптүк санда). Кызылдар да карап турбай, .. душмандын мизин кайтарууга чамдашты (Сасыкбаев).
  2. 3.           Көбүнчө көгүш түстөгү, ак түс аралаш жылкыга карата айтылат. Бир күнү куландан соо кетип баратып,.. кызыл ат шылк этип кулап түштү (Элебаев).
  3. 4.           өт. Эт. Кайда чыкса кызылга, Кайкып учуп сабалап, Кайран жору конуптур (Каралаев).
  4. 5.           өт. Бастырылып, бөлүнүп алынган эгин, таза дан. Кырмандын ортосундагы кызылдын жанында Эркин отурат (Жантөшев). Жутабай карыя.. кызылдарды желге сапырууда (Баялинов).

Кызыл-тазыл — кызыл аралаш ар түрдүү түс. Кызыл-тазыл кийинип, Кыздар үкү сайынган («Курманбек»). Кызыл чийкил — кызылдуу агыш (өң, түс жөнүндө). [Алексеевдин] купкуу өңү кызыл чийкилге айланган (Жантөшев). Кызыл жаян к. жаян II. Кызыл Армия —Советтик Армиянын 1918-жылдан 1946-жылга чейинки аты. Кызыл гвардия к. гвардия. Кызыл аскер к. аскер. Кызыл үй же кызыл бурч — маданий-агартуу иштери үчүн бөлүнгөн үй же бөлмө. Көчмө кызыл үйү бар (Үсөнбаев). Кызыл бурчтарда агитаторлордун дежурствосу коюлган («Коммунист»). Кызыл такта — бетине иштин алдынкылары, жакшы иштегендер белгиленүүчү кызыл түскө боёлгон, көрүнөө жерде туруучу такта. Райондо, областта, союзда Кызыл такта кызматыңды жаздыбы (Нуркамал). Кызыл кулак — алып сатар, нерселерди өз пайдасы үчүн ашык баада сатуучу. Кызыл кулак, сүткорго, Пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев). Кызыл чок к. чок II. Кызыл ашык к. ашык II. Кызыл жүгүрүк к. жүгүрүк. Кызыл май болуу к. май I. Кызыл камчы к. камчы. Кызыл чеке болуу к. чеке. Кызыл кекиртек к. кекиртек. Бетинде кызылы бар — уяттуу. Кызыл кереге кылуу к. кереге. Кызыл болуу — кызыгуу, эңсөө. Кызыл кырман к. кырман.
Основные характеристики
Часть речиПрилагательное
Ед. числокызыл
Множ. числокызылдар
Связанные слова
өң
Склонение по падежам - "кызыл"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кызыл
Родительный Чей?кызылдын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кызылга
Винительный Кого?, Что?кызылды
Местный Где?, У кого?кызылда
Исходный Где?, У кого?кызылдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кызылдар
Родительный Чьи?кызылдардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кызылдарга
Винительный Кого?, Что?кызылдарды
Местный Где?, У кого?кызылдарда
Исходный Откуда?, От кого?кызылдардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: