кара |
2. өт. Күнөөлүү, айыптуу. Ак жерден кара болуу. Ак-карасын текшер. ¨ Кара кер — ачык кара эмес түс (жылкынын түсү жөнүндө). Арыктын угунан өтө берерде кара кер мүдүрүлүп кетти (Касымбеков). Кара тору к. тору. Кара куурай к. куурай. Кара мүртөз — орой, терс кыял, мүнөзү терс. [Атабек].. айтканынан кайтпаган кара мүртөз киши (Жантөшев). Кара саноо — арамдык ойлоо, жамандык ойлоо, кара ниеттик кылуу. Анын эмне мага кара санай турган жөнү бар (Байтемиров). Кара жолтой к. жолтой. Жүрөгүндө кара жок — баатыр, эр жүрөк. Кара жаак к. жаак. Кара курт к. курт. Оюнда кара жок — бирөөгө кара санабаган, жамандык ойлобогон, ак пейил. Оюнда кылдай кара жок Дүйшөнкулду кампачы кылып шайлашты (Бөкөнбаев). Кара сөз к. сөз. Кара кесек — майы жок эт. Максым жамбаштын кара кесек этин арыдан-бери кайсап жиберип.. колун чөпкө сүрттү (Жантөшев). Кара алтын к. кара III. Кара өзгөй к. өзгөй. Кара башы — керт башы, жеке эле өзү. Кара башыбыздын камын ойлосок биерде жүрөт элек (Абдукаримов). — Алтыным элим, силерге кара башым садага (Жантөшев). Кара басуу — 1) миф. төрөт мезгилинде болуучу кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн кара күчтөрдүн таасири астында эсинен тануу, эч нерсени билбей калуу; 2) өт. акылынан адашуу, кырсык басуу. Канды кара басканда Калыстыктан адашат (Жантөшев). Кара басып калбаса, Кантип Бермет айтты экен («Саранжи—Бөкөй»). Бети кара же жүзү кара — арсыз, уятсыз, адамгерчилиги жок. Бети кара шум кемпир Бизге жалаа жапканың (Жантөшев). Бизге каршы кара ниет, Жүзү кара жаттарды Тосо чыгып жалтанбастан, Далай мөрөй алганбыз (Осмонкул). Кара көсөө к. көсөө. Кара кийүү — эри өлгөндө кара кийим кийип, аза күтүү. Кара кийип олтурсам, Ошондо курса боло кеңешти! (Жантөшев). Кара аш — киши өлгөн учурда берилүүчү аш. Кайран атам өлдү деп, Кайгыланып бакырып, Калайыктын баарысын Кара ашына чакырып («Манас»). Кара жумуш — кол эмгеги менен иштелүүчү ар кандай жумуш. Кара жумуштун кайсынысы болсо да, менден кутулчу эмес (Абдукаримов). КАРА IV этиш. 1. Бир нерсеге көз жүгүртүү, көрүү, көз салуу, байкоо. Адыл ордунан турду да, олтургандарга.. карады. Динар чоң энени аянычтуу карады (Сыдыкбеков).
¨ Жер кароо к. жер. Көңүлгө кароо же көңүлүн кароо — ою менен болуу, көңүлү менен болуу. Көзүн кароо — бирөөнүн колун кароо; бирөөнүн бийлигинде болуу, баш ийүү Жалтак болот эр жигит, Өз колунда жок болуп, Бирөөнүн көзүн караса (Осмонкул). |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | кара |
Множ. число | каралар |
Антонимы |
---|
ак |
Склонение по падежам - "кара"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | кара |
Родительный Чей? | каранын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | карага |
Винительный Кого?, Что? | караны |
Местный Где?, У кого? | карада |
Исходный Где?, У кого? | карадан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | каралар |
Родительный Чьи? | каралардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | караларга |
Винительный Кого?, Что? | караларды |
Местный Где?, У кого? | караларда |
Исходный Откуда?, От кого? | каралардан |
Получить все переводы слова - "кара" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "кара" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "кара"?
Ввойти