Меню
Эл-Сөздүк

кап

I зат. 1. Жүндөн, кебезден токулган таар сыяктуу калың материалдан баштык формасында тигилген, эгин жана башка нерселерди салууга ылайыкталган мешок. Элүү кап эгин тийиптир Эрикпей эмгек кылганга (Үсөнбаев). Жүндү сорттоп, капка салып ылгашты (Осмонкул).
  1. 2.                  Кын. Алча моюн ак шамшар, Жулуп алып кабынан («Эр Табылды»). Уруш болгон абыдан, Суурулган кылыч кабынан (Тоголок Молдо).
  2. 3.                  Ичине бир нерсе салууга ылайыкталып жасалган баштыкча, идиш, куту же бир нерсенин сыртын жаап турган бөлүгү, сырты, жапкычы. Китеп кап. Жаздык кап. Аяк кап. Казан кап. Ширеңке кап.

¨ Карынын сөзүн капка салуу — карынын айтканын унутпоо, анын айткандарынан жакшы үлгү алуу. Жүрөгү кабынан чыгуу — жүрөгү болк этүү, корккондо, сүйүнгөндө апкаарып кетүү.
КАП II сырд. Өкүнгөндүктү, кейигендикти билдирүүдө колдонулат. Кап, ..Сабирага бекер айтыптырмын («САЖИ»). Кап, көпкө жүрсө болот эле ! (Шүкүрбеков).
КАП III этиш. 1. Тиштеп алуу (ит жөнүндө).
2. өт. Орон айтуу, катуу тийүү. Карышкырча жулунуп, Капкан ырчы болобу (Токтогул).
¨ Таш кабуу максатына, тилегине жетпей калуу, ойлогону орундалбай калуу. Таалайлуу элге катылган, Ташкапсын анын планы (Тоголок Молдо).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: