-
кандай
-
ат. 1. Бир нерсенин түрүн, түсүн, сапатын, касиетин билүү үчүн берилүүчү суроо. Искендер, дарманың кандай? (Турусбеков). Топозтун эти кандай болот, Медер ата?! — деди Акбар (Убукеев). - 2. өт. Бир нерсени экинчи нерсеге салыштыра көрсөтүү үчүн колдонулат. Боз тамдын сырты кандай жарды болсо, ичи да ошондой эле (Сыдыкбеков). ..Жомокто айтылган бөз баштык кандай болсо, биздин чанач нак ошондой (Сыдыкбеков).
- 3. өт. Таңданууну, суктанууну билдирген учурларда колдонулат. Кандай ысык, кандай жакын өскөн жер! (Аалы).
♦ Алда кандай к. алда II. Ар кандай — ар түрдүү. Алтыбайдай калмакка Ар кандай кызмат кылгансың («Эр Табылды»). Эч кандай — эч бир, түк, кенедей да. Эч кандай табып анын оорусуна дары таба албады (Аалы).
Найдены по другим направлениям
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кандай