Меню
Эл-Сөздүк

ич

I зат. 1. Адамдардын, айбандардын ж. б. ичек-карды орношкон бөлүгү, курсагы. Көзүң оорусаколуңду тый, ичиң оорусатамагыңды тый (макал).
  1. 2.                  Курулуштун, имараттын, көлөмдүү нерселердин ички бөлүгү, ички жагы, ички тарабы. Тамдын ичи акталбаган (Жантөшев). Үй ичи жымжырт, электр күйүп турат (Шүкүрбеков).
  2. 3.                  Көпчүлүктүн, токойдун ж.б. арасы. Эл ичи чуру-чуу толкуду (Бейшеналиев). Жылтырайт бак ичинен айдын көзү, Узарган алда кайда көлөкөсү (Шүкүрбеков). Душмандын сыртында болгончо, ичинде бол (макал).
  3. 4.                  Кийимдин астары, кийимдин өңүнүн экинчи жагы, сыртына карама-каршы жак.
  4. 5.                  Белгилүү бир убакыттын, мезгилдин аралыгы. Кыш ичинде. Бир сааттын ичинде.

¨ Ич эт к. эт I. Ичи жылуу — ийигүү, жакшы көрүү, ыраазы болуп калуу. Ичи кең — пейли кенен, кең пейил. Ичи тар, пейли тар — көрө албаган, кызганчаак. Ичи бузук — сыртынан билдирбеген, бирок бирөөгө карата жаман ойлуу, кулк-мүнөзү жаман, бузук. Ичи күйүү — көрө албастык кылуу, ардыгуу. Ичи бышуу —бук болуу, капалануу, кайгы-капа чегүү. Ич өткөк к. өткөк. Ич ачуу — өкүнүп калуу; боору ооруу. Бир күнү жарган бээсине Ээсинин ичи ачыды (Тоголок Молдо). Ичи эзилүү — абдан жакшы көрүп кетүү. Коштошкон айрыларда ысык жардай, Элжиреп ич эзилет, жүрөк туйлап (Элебаев). Ич күптү к. күптү. Ичи ооруу — бир нерсеге жаны ачуу, аяп калуу. Анын кеткенине ичиң ооруп калдыбы? (сүйл.) Ич-койнуна кирүү — тез эле жакындашып, аралашып кетүү. Жолой күндөн күнгө жылкычылардын ич-койнуна кирет (Жантөшев).
ИЧ II этиш. 1. Суюктукту, суюк тамакты жутуу. Жайлоодогу биз ичкен Байтал бээнин бал кымыз (Осмонов). Кымызды ким ичпесин, кызды ким сүйбөсүн (макал).
2. Тамактануу. Тамак ичтик.
¨ Ант ичүү — ант кылуу.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санич
Көптүк саничтер
Жөндөлүшү - "ич"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?ич
Илик Кимдин? Эмненин?ичтин
Барыш Кимге? Эмнеге?ичке
Табыш Кимди? Эмнени?ичти
Жатыш Кимде? Эмнеде?ичте
Чыгыш Кимде? Эмнеде?ичтен
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?ичтер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?ичтердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?ичтерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?ичтерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?ичтерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?ичтерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: