-
жөө
-
сын.. Көлүксүз, унаа минбестен, унаа минбей жүрүү абалы. Алты ай. бүтүн жөө басып, Акталып келдим Сибирден (Токтогул). Бактын арасы менен бир жөө киши келип токтоду (Жантөшев). Жөө жүргөнчө төө минген жакшы (макал).
¨ Жөө туман — жердин бетин каптап түшкөн калың туман. Жер көрүнбөй жөө туман басып турду (Каралаев). Колоттун бардыгын жөө туман каптады (Жантөшев). Жөө-жалаңдап жүрүү —1) кээ бирлери ат минип, кээ бирлери жөө жүрүү; 2) бирде ат минип, бирде жөө жүрүү. Жөө-жалаңдап келиптир («Эр Табылды»). Ал кезде Фрунзеден жиберди деп, Ээрчишип жөө-жалаңдап келген элек (Шүкүрбеков). Бул темир жол.. орноло электе көмүрдү кенден эшекке артып.. жөө-жалаңдап Кожентке жеткирер элек (Сасыкбаев). Жөө жомок — адамдардын өз ара байланыштарына жана жаратылыш кубулуштарына, айлана-чөйрөсүнө, жаныбарларга, коом адамдарынын түрдүү өкүлдөрүнө карата болгон мамилесин, көз карашын, ой-пикирин баяндаган, көбүнчө кара сөз же жорго сөз менен айтылган жомок.
Склонение по падежам - "жөө"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
Именительный Кто?, Что? | жөө |
Родительный Чей? | жөөнүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | жөөгө |
Винительный Кого?, Что? | жөөнү |
Местный Где?, У кого? | жөөдө |
Исходный Где?, У кого? | жөөдөн |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
Именительный Кто?, Что? | жөөлөр |
Родительный Чьи? | жөөлөрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | жөөлөргө |
Винительный Кого?, Что? | жөөлөрдү |
Местный Где?, У кого? | жөөлөрдө |
Исходный Откуда?, От кого? | жөөлөрдөн |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке