Меню
Эл-Сөздүк

жай

I зат. Жаз айларынан кийин келүүчү мезгил, жаз менен күздүн ортосу. Эгин айдап мал багып, Эмгек кылчу жай келди (Осмонкул). Жай салкыны түн менен, Кызгалдак кызыл гүл менен (Токтогул).
ЖАЙ II зат.. 1. Орун, турак, мекен. Жай таппадым жатарга, Үй таппадым батарга (Токтогул). Күрөктү алып барып шаймандар жаткан жайга таштады (Байтемиров).
  1. 2.                  Төшөк, жата турган орун. Жай сал. Мейманга жайды көрсөттү (Бейшеналиев).
  2. 3.                  Ал-абал, шарт. Ашым иштин жайын эми гана түшүндү (Каимов). Жаман жайын айтам деп, баарын айтат (макал).
  3. 4.                  Мекеме, ишкана, окуу орду. Жапар Караколдо педагогикалык окуу жайынан окуган (Баялинов). Биздин өлкөнүн өнөр жайы зор күч-кубатка ээ болот («Советтик Кыргызстан»).

¨ Жайын табуу — бирөөнү жайлоо, өлтүрүп салуу. Жайыңды табам. Жайынан чыкпай калуу — ордунан чыкпай калуу, орундалбай калуу. Оюң жайынан чыкпай калды. Жаны жай албоо к. жан I.
ЖАЙ III такт. Акырын, шашпай. Бүбүш жай басып барып, арыктын боюна олтурду («Ала-Тоо»). Андрей өзүн токтоо кармоого,.. жай сүйлөөгө тырышты (Байтемиров).
¨ Жай алуу — тынчтанып, тынч алып, жайланышып калуу. Үйгө жай алып отургандан кийин Токобай мейманын сөзгө алды (Каимов). Жай сүйлөм — бир бүткөн ойду жай гана баяндаган сүйлөм.
ЖАЙ IV этиш. 1. Жазуу; төшөө; жазып, илип коюу (мис., жуулган кирди); ачып коюу (мис., китепти); каптатуу, коё берүү (мис., сууну). Бурма кайнаган самоорду алып келип, дасторконду жайды (Каимов). Чачын жайды. Китеп жай. Аштыкка суу жай. Бутуман кан жая бериптир.
  1. 2.                  Таратуу, билдирүү, маалим кылуу. Элге жай. Атагын жай.
  2. 3.                  Малды оттотуу, жайытка чыгаруу. Кой жай. Мал жай.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санжай
Көптүк санжайлар
Синонимдери
мелүүн
жаз
Антонимдери
ылдам
ыкчам
кыш
үй
Байланыштуу сөздөр
үйүү
жазуу
таратуу
жаюу
жайкы
мезгил
Жөндөлүшү - "жай"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?жай
Илик Кимдин? Эмненин?жайдын
Барыш Кимге? Эмнеге?жайга
Табыш Кимди? Эмнени?жайды
Жатыш Кимде? Эмнеде?жайда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?жайдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?жайлар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?жайлардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жайларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жайларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жайларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жайлардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: