Меню
Эл-Сөздүк

байла

этиш. 1. Жип, аркан, чынжыр сыяктуу нерсе менен таңып, чырмап бекитүү; кошуу. Орок оруп, боо байлаган кедей дыйкан, кары, жаш (Аалы). Колубутун байлаңар («Эр Табылды»).
2. Тосуп, бууп коюу, өткөрбеө. Ак пахтанын түшүмүнө пайдалуу, Арык чаап, кулактарды байласын (Осмонкул).
3. Дан алуу, мөмөлөө, мөмө алуу. Дан байлоо. Алма, дарак кулпуруп, Башында мөмө байлаган (Осмонкул).
4. Багып семиртүү, эттентүү. Күч көлүгүн семиртип, Байлаган элди карачы! (Токтогул).
Бел байлоо к. бел. Баш байлоо к. баш. Нике байлоо — нике кыюу. Бээ байлоо — сүтүн саап, кымыз кылуу үчүн бээни кулунунан бөлүү.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: