ат |
2. Жалпы эле минилүүчү жылкы. Ат — эрдин канаты (макал). Аттан айрылсаң айрыл, ээр-токумдан айрылба (макал). ♦ Ат чабыш — ат жарыштырган мелдеш, улуттук оюн. Оодарыш, күрөш, ат чабыш Ойноду нечен баатырлар (Осмонкул). Ат коюу — аттын оозун коё берүү, чаап жөнөө, чабуул коюу. Ат салышуу — мелдешүү, мелдешке чыгуу; күрөшкө чыгуу, алга жөнөө. Ат үстүнөн — үстүртөн. Ат кара тил болгондо — жай келгенде. Ат кесерден — аттын омуроосуна чейин. Ат кулак — жалбырагы кууш тартып кеткен жапайы өсүмдүк. Ат тиш — мыкты сууруп алуу үчүн ылайыкталган курал, аткуур. Ат тезегин кургатпоо — тез-тез барып туруу, бат-бат келип туруу, арадан көп убакыт өткөрбөө. Ат кошчу — жол жүргөндө атын багып, кошо узатып жүрүүчү киши. Ат токуур — 1) атын токуп берип туруучу, атын токуп берип кызмат көрсөтүүчү киши; 2) өт. бала, эркек бала. Эмне төрөдү? Ат токуурбу же кырк жылкыбы? АТ II зат. 1. Адамдарга берилүүчү ысым. Атым — Акмат, атамдын аты — Дүйшө.
♦ Аты-жөнү — ысымы, ким экендиги, жөн-жайы. Аты-жөнүн сураштырбай эле кой («Советтик Кыргызстан»). Аты тууган — тууган деген эле наамы бар. Аты жок — колдун төртүнчү манжасы. Атын сатуу — башка бирөөнүн наамын, авторитетин пайдалануу. Менин атымды сатып жүргөн болсо, ал кииш езү жооп берет (Байтемиров). АТ III этиш. 1. Курал-жарактан ок чыгаруу. Мылтык атты. Замбирек атты.
♦ Аткан октой — тез, ылдам, бат. Аңкилдек атуу к. аңкилдек. Тоңкочук атуу к. тоңкочук. АТ IV этиш. сүйл. «Жат» деген көмөкчү этиштин кыскарган түрү. Бирөө өлүп атса, бирөө күлүп атат (макал). |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | ат |
Множ. число | аттар |
Склонение по падежам - "ат"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | ат |
Родительный Чей? | аттын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | атка |
Винительный Кого?, Что? | атты |
Местный Где?, У кого? | атта |
Исходный Где?, У кого? | аттан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | аттар |
Родительный Чьи? | аттардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | аттарга |
Винительный Кого?, Что? | аттарды |
Местный Где?, У кого? | аттарда |
Исходный Откуда?, От кого? | аттардан |
Получить все переводы слова - "ат" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ат" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ат"?
Ввойти