Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ал
  • ал
  • ал-
  • ала
  • АЛА БАКАН
  • АЛА КИЙИЗ
  • АЛА-АЙГЫР
  • АЛА-БАШ
  • АЛА-БЕЛ
  • АЛА-ЖУУКУ
  • АЛА-КАНЧЫК
  • АЛА-КӨЛ
  • АЛА-ТАШ
  • АЛА-ТОО
  • алаа
  • алааган
  • алаагандык
  • алаамат
  • алаанак
  • алаанактык
  • алаб
 

ал

 
I алды менен бирдей. Алга басуу. Алда болуу.
АЛ II зат. 1. Күч, кубат, дарман. Бул Көкдөөнүн аюусу байлоодо турат алы жок («Эр Төштүк»). Андан көрө эгин бак, Алың барда жулунуп (Токтогул).
  1. 2.                  Абал. Келгин!деп орус эли колун берип, Куткарган аман-эсен ошол алдан (Турусбеков). Ушул алымды жолдошторума билгизбейсизби? (Турусбеков).

Алы-жаны калбоо же жан-алы калбоо к. жан I.
АЛ III ат. 1. Үчүнчү жакты же тарапты билдирүүчү жактама ат атооч. Атасынан кем эмес Ал айтпаса ким айтат («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Көрсөтүү, шилтөө, белгилөө маанисинде колдонулуучу шилтеме ат атооч. Ал казанга барууга Элемандын сырттаны, Эми чыкты камынып («Эр Төштүк»). Ал кезде Барпы коңурукту кере тартып уктап кеткен (Байтемиров). Ал аңгыча Каныкей Арага келип калыптыр («Манас»). Ал тургай.. Аскар кулагына чейин кызара түштү (Сыдыкбеков).
АЛ IV этиш. 1. Бир нерсени кол менен кармоо, кармаган абалда болуу. Ак шайы жоолук колго алып, Булгасаң боло Алымкан (Токтогул). Итике төрдө отурган баласын колуна алды (Убукеев). Зубайда сандыгынан кийим алып берди (Убукеев).
  1. 2.                  Мыкчый кармоо, илип кетүү (куштар жөнүндө). Каркылдаган өрдөктү Качырып тийип куш алса («Олжобай менен Кишимжан»).
  2. 3.                  Жиберилген нерсе тиешелүү кишинин колуна тийүү, тиешелүү кишиге келип тийүү. Кат алды. Посылка алды. Телеграмма алды.
  3. 4.                  Соодалоо, алмаштыруу ж. б. жолдор менен ээ болуу, менчиктөө. Мал базардан ат алдык. Магазинден кездеме, кант, чай алдым.
  4. 5.                  Үйлөнүү. Ашык болуп жүргөнүн Аламын десе башка адам, Адамдын көөнү сүйөбү? («Олжобай менен Кишимжан»). Алган зайбы Чачыке Ай, күнүнө жетишип Эркек бала төрөдү («Олжобай менен Кишимжан»).
  5. 6.                  Кабылдоо, ишке коюу, белгилүү бир ишти иштөөгө дайындоо. Кызматка алды. Саанчылыкка алды.
  6. 7.                  Кызматтан, белгилүү бир иштен түшүрүү, бошотуу. Ишти начарлатып жибергендиги үчүн кызматтан алды. Директорлуктан алды.
  7. 8.                  Кармап калуу, сактоо, сактай билүү. Эске алды. Ойго алды. Көңүлгө алды.
  8. 9.                  Милдеттүү болуп калуу, милдеттенүү. Тапшырма алды. Милдеттенме алды.
  9. 10.              Пайда болуу, толуу, байлоо. Арпа баш алган кез. Жүгөрү дан алды. Кызылча тамыр алды. Мал семирип, жон алды.
  10. 11.              Кандайдыр бир сөзгө, талкууга ж. б. кошулуп, аралашып кетүүгө дуушар кылуу, кириптер кылуу; туш келүү, кабылуу. [Ыйлаак].. көрүнгөн жерде сөзгө алып, Ракыяны бура бастырбай убара кылат (Байтемиров). Эриккен жолоочулар үчтөн-төрттөн Киришти бирдемени талкууга алып (Турусбеков). Суракка алды. Тергөөгө алды. Үшүк алды.
  11. 12.              Кандайдыр бир натыйжага ээ болуу, жетишүү. Биздин колхоз кызылчанын ар гектарынан 400 центнерден түшүм алды. Чабан Жумаев ар бир жүз тубар койдон 120 дан козу алды. Ар бир койдон 2 килограммдан жүн алды.
  12. 13.              Кандайдыр бир нерсе менен чаап, кесип, кырып ж. б. бөлүү, ажыратуу. Желдеттери баш алды. Устара менен чач алды. Сакал-мурутун алды.
  13. 14.              мат. Кемитүү, бир сандан экинчи бир санды кемитүү, тиешелүү бир санга азайтуу. Жыйырмадан жетини алса, он үч калат.
  14. 15.              Атооч сөздөр менен айкалыша келген бир катар учурлюрда ошол айкалышкан сөзүнө байланыштуу болгон абалга өтүүнү, ошондой абалда, көрүнүштө, аракетте ж. б. болууну билдирет. Байыр алуу. Тынч алды. Багыт алды. Нукуй алды.
  15. 16.              Жөндөмөдөгү бир катар атооч сөздөр менен айкалыша келген учурларда ошол сөзгө байланыштуу болгон тынчсыздандыруу, козгоо абалын көрсөтөт. Уйкусун алды. Мазасын алды. Тынчын алды.
  16. 17.              Көмөкчү этиштик милдетти аткарып негизги этиштин натыйжасын чыгарат. Токтосун ашка кетчү чыгымдарды эртелеп эл журтунан жыйып алган (Маликов). Балапан жаш кезинен Багып алган торгой бар («Олжобай менен Кишимжан»).

Тил алуу — айтканга макул болуу, айтканды орундатуу. Көңүлүнө же оюна алып калуу — айтылган сөзгө ичинен капа болуп, эсте сактап калуу; кек сактап калуу, таарынып калуу. Каршы алуу к. каршы. Капарына албоо — көңүл бөлбөө, элес кылбоо; тоотпоо. Колго алуу — 1) ишти жөнгө сала баштоо, киришип иштей баштоо; 2) бирөөнү өз тарабына тартуу, өзүнүн айтканынан чыкпай турган кылуу. Курманбекти колго алсаң, Анан жоону жеңесиң («Курманбек»). Жат алуу — жаттап алуу. Ала сала — алары менен, дароо. Ала качкы — ала качып кете турган, баш бербеген (жылкы жөнүндө).

Получить все переводы слова - "ал" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ал" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ал"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru