Меню
Эл-Сөздүк

өң

I зат. Реалдуу чындык, адамдын жашап турган өмүрү. Бактым келер өлгөндө эмес, өңүмдө (Аалы). Өмүрүмдө мындай сонун көрбөгөм, Өңүмбү же түшүмбү деп санадым (Калык).
ӨҢ II зат. 1. Бет, жүз, чырай. Сын-сыпаты, өңү дал атасынын өзү (Бейшеналиев). Өңдү көрсө жүз таят (макал). Өңү эмнегедир жылуу учурады (Сасыкбаев).
2. Тус. Чычырканак, шилби, четин, долоно, Өңү өчпөс, өмүрү узун арча бар (Осмонкул). Тянь-Шандын мөңгүсүнөн бүткөн соң Суунун өңү Мөлтүрөгөн мөл болор (Маликов).
3. Материянын сыртка караган жагы. Өңү түктүү кездеме. Бул кездеменин ичи менен өңүнүн айырмасы жок.
Өң тааныш — сыртынан гана тааныш, көрүшүп же учурашып гана жүргөн адам. Өң карама — ким экендигине карай мамиле кылган, ким экендигине карай сүйлөп, керек болсо, мурдагы сөзүнөн да тайган адам. Өң-алет — жалпы эле өң, кишинин жүзү, түсү. Өң-алеттен кетүү. Өң-алет жок.
ӨҢ III такт. Өңкөй, өңчөй, жалаң, чылк. Мындан аз гана күн илгери өң жаштар болушуп сейил курушуп чыгышкан булуң көрүндү (Сыдыкбеков). Шайланып өң эпкиндүү кирип келди, Түзүлгөн беш бригад жалаң жаштан (Бөкөнбаев).
ӨҢ IV этиш. Эңкейип, боюн жашыра далдаланып, билинбестен жакын барууга аракет кылып жылуу. Жолборсун чукул жетелеп, таштан-ташка жамынып, кийиктерди өңүп жөнөдү («Ала-Тоо»). «Өтсүн калмак мындай» деп, Өңүп турат Табылды («Эр Табылды»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: