Меню
Эл-Сөздүк

өйкө

этиш. 1. Дененин бир жери кысылып же катуу нерсеге тийүүдөн сүрүлүү, сүрүлүп жооруп кетүү; өйүү. Кишен колун өйкөп, билектеринен кан акты (Бөкөнбаев). Чылгый чарыгы кургаган сайын бутун кыса баштап, жолго жеткенде бутун өйкөп жоорутуп жиберди (Убукеев).
2. өт. Кандайдыр бир жагымсыз иштен улам санаа тартуу, беймаза болуу, тынчсыздануу, тынчы кетүү, жүрөгү түпөйүл болуу. Мен жалгыз калдым. Бир адамдын колунан эмне келмек? Бул дагы жүрөгүмдү өйкөдү (Таштемиров).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: