-
үрк
-
этиш. 1. Чочуп качуу, дүрбөп бир жакты көздөй ойт берүү, жалт берип качуу. [Динар] үркүп келаткан жоон топ койлорду көрдү (Сыдыкбеков). Аманды көргөндө жылкылар бышкырып-кошкуруп үркө баштады (Убукеев).
2. өт. Душман кол салганда жашаган жайын, жергесин таштап качуу, башка Жайга ооп өтүү; дүрбөлөңгө түшүү. Текеске карай үрккөн эл. Аймакташ элдер үрккөндөй көчө качышты (Аалы). Элемандан корккондон Үркүп качты кайран эл («Эр Төштүк»).
♦Кулагынан үркүү — өзүнөн-өзү бир нерседен кооптонгондой болуу, күн мурун эле чочулап корко берүү, элеңдөө, үрөйү учуу. Айрыкча Көк-Суудагы элдер кулагынан үрктү (Жантөшев).
Найдены по другим направлениям
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
үрк