үргүлө этиш. Бир аз уктап кетүү, чала уйкуда болуу, уйку-соонун арасында болуу, уйкусурап магдырай түшүү. Жапар төрдө чыканактап газета окуп жатып, үргүлөп кетти (Баялинов). Ысак бир аз үргүлөп кеткен экен (Абдукаримов).