Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - үз
  • үз
  • үз-
  • үзгүлө-
  • үзгүлөө
  • үзгүлөт-
  • үзгүлөтүү
  • үзгүлөш-
  • үзгүлтүк
  • үзгүлтүксүз
  • Үзгүлтүксүз эмгек жылдары
  • үзгүлтүксүздүк
  • үзгүлтүктүү
  • үздүгүү
  • үздүк
  • үздүк-
  • үздүксүз
  • үздүктүр
  • үздүктүр-
  • үздүктүрүү
  • үздүр-
 

үз

 
этиш. 1. Кандайдыр бир бүтүндү үзүккө, бөлүккө ажыратуу; илинип, өз ара биригип, туташып турган нерсени бөлүп алуу, жулуу. Бала жанына келгенде, тигил келин эки жарым карыштай май чучук үзүп берди (Аалы). Алма үз. Коон үз.
2. Тытуу, быт-чыт кылуу, талкалоо. Энеке! Ал дүйнө жексен болду, Чырмалган эмгекчилер үздү торду (Турусбеков). Чынжырын үзүп чечебиз Жылдырбай салган буттарды (Тоголок Молдо).
3. Кандайдыр бир ишти, аракетти токтотуп коюу, тынчып калуу, басылып калуу. Эркиним катты үзбөй жазат («Ала-Тоо»). Байланышты үзүп коюу. Кырк чоролоп бакыргын, кыйкырык үзбөй чакыргын ! («Эр Табылды»).
4. Кутулуу, жоюу, жок кылуу. Айыгышып келген душмандын, Тамырын жулуп үзө алдым (Нуркамал). Эгин-тегинге, чөп-чарга, отун-сууга каралашып берип, насыяңарды үзөрсүңөр (Жантөшев). Тилеги каткан фашистти, Тукумун үзүп, жеңсе экен (Калык).
Кол үзүү к. кол I. Караанын үзүү — алыстоо, көрүнбөй калуу. Караанын үзүп кеткиче, Карап турат Табылды («Эр Табылды»). Келгенде Алмаң жакындап, Караанын үзүп аларга, Жөнөй берди закымдап («Манас»). Өзөгү үзө тартуукурсагы абдан ачуу. Оокат [Көкөнүн] эсине түшө калдыбы, оозуна кара суу келип, өзөгү үзө тарткансыды (Касымбеков). Күдөрүн үзүү, үмүтүн үзүүтүңүлүү. Мени келбейт экен деп, Күдөрүн үзүп койгондур («Манас»). Кыйноодо Током жүрсө да, Жыргалдан үмүт үзгөн жок (Нуркамал). Шек алдырып сен койсоң, асил жандан күдөр үз («Эр Төштүк»). Үзүп алуу — катуу чымчып алуу. [Акия] кээде Элебестин бир жерин үзүп алат (Сыдыкбеков).

Получить все переводы слова - "үз" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "үз" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "үз"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru