Menü
Эл-Сөздүк

ылай

зат. 1. Топурактын сууга эзилип, чалмаланып, баткакка айлангандагысы. Кар жиреп, ылай кечтик, суудан өттүк, Чети жок мелтиреген көлгө жеттик (Үмөталиев).
2. Чалчык, киргил, чалмаланган (ылайланган сууга карата). Жылдызкан арыкка келди да, жылжып жаткан ылай сууну карап, азга турду (Байтемиров).
3. Кыш куюу, колек жасоо, дубал согуу же шыбакка пайдалануу үчүн атайын жасалган баткак. Ылайдын иши бел менен, Дыйкандын иши жер менен (Барпы). [Аскар] ылайды күрөктөп сузуп, калыпка ашыгат (Сыдыкбеков).
Ылайдай семиз — аябай семиз, былкылдаган, каймак майдай семиз. Ылайдай семиз ноопаз. Ылай жүрөк — коркок, жүрөгү жок.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоылай
Множ. числоылайлар
Синонимы
баткак
Связанные слова
ылайла
ылайлуу
Склонение по падежам - "ылай"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?ылай
Родительный Чей?ылайдын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?ылайга
Винительный Кого?, Что?ылайды
Местный Где?, У кого?ылайда
Исходный Где?, У кого?ылайдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?ылайлар
Родительный Чьи?ылайлардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?ылайларга
Винительный Кого?, Что?ылайларды
Местный Где?, У кого?ылайларда
Исходный Откуда?, От кого?ылайлардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: