ызгы этиш. 1. Уюлгуу, көтөрүлүү, буркуроо. Көк түтүн каптап, чаң ызгый түштү (Сасыкбаев). Козголсо ызгыйт буркурап, Тоскоктой ысык топурак (Аалы) 2. Чымын-куюн болуп айлануу, жүгүрүү. Ысык-Көлдү кыркалап, Ызгып жөнөп калыптыр («Манас»).