уюк зат. 1. Көбүнчө аарынын, кумурсканын жашай турган жайы, уясы. Аарынын уюгу. Кумурсканын уюгу. 2. өт. Кыжылдап, көп болуп топтолушкан жай, жер. Барчындардын баарын катар учурдуң, Душмандардын уюктарын буздурдуң (Калык). ♦Аарынын уюгуна тийүү — каарына калуу, ачуусуна тийүү.