Меню
Эл-Сөздүк

намыс

зат. Адамдын коомдо өзүн-өзү туура, адамгерчиликтүү алып жүрүү сезими, өзүнүн абийрин, арын, милдетин сезүү сапаты. Акыл, эс, уят, ар, намыс, Чоң касиет адамга (Шүкүрбеков). Кыргын салып намыс алган душмандан, Кыз Сайкалдай эрлер чыкты аялдан (Осмонкул). Эне төрөйт баланы, Жарайт деп түрдүү намыска («Мендирман»).
Намысын колго алган — өз абийирин, беделин, авторитетин сактаган. Намысты колдон тайдыруу же кетирүү — уят болуу, уятка калуу, шылдың болуу, маскара болуп калуу.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик саннамыс
Көптүк саннамыстар
Синонимдери
патриот
барк
абийир
Жөндөлүшү - "намыс"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?намыс
Илик Кимдин? Эмненин?намыстын
Барыш Кимге? Эмнеге?намыска
Табыш Кимди? Эмнени?намысты
Жатыш Кимде? Эмнеде?намыста
Чыгыш Кимде? Эмнеде?намыстан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?намыстар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?намыстардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?намыстарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?намыстарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?намыстарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?намыстардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: