Меню
Эл-Сөздүк

мүлтүлдө

этиш. 1. Бир калыпта турбай кылтылдоо, ойноктоо. Боз чымчыктар.. тикендүү буталардын арасында бирибирин кубалашып, сымаптай мүлтүлдөп ойношот (Аалы). Анын.. көздөрү сымаптай мүлтүлдөп, туш-тушка карады (Аалы).
2. Улам бирөөгө жагынып же өз пайдасына карай эки тараптын улам бирине ооп кылтылдоо, чыныгы жүзүн билдирбөөгө аракет кылуу. Мүлтүлдөп орто жерде жүргөндөр бар, Мындайга орун койбойт биздин кеңеш (Аалы). Билбейт деп ойлойсуң го, Экөөңдүн мүлтүлдөгөнүңдү (Бейшеналиев).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: