-
мойнок
-
зат. 1. Малдын жана кийиктин моюн териси. Текенин мойногу. - 2. Төөнүн мойнунун ийри жери. Атыңдын башын тарт, өлөсүң! — деп, төөнүн мойногун тээп, саадагын кезеди («САЖИ»).
- 3. Моюну ак ала болгон ит. Козу деп келе жатканы, козу эмес ала мойнок күчүк болуп чыкканда селдее түштү.
- 4. Ийри белес, өркөчтөнгөн. Ээр белдей мойноктон Оргуп-оргуп чаң чыгат («Эр Төштүк»). Кырк күндүк кызыл чөлү бар, Ит жүрбөс мойнок жолу бар («Эр Төштүк»).
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
мойнок