-
ич
-
I зат. 1. Адамдардын, айбандардын ж. б. ичек-карды орношкон бөлүгү, курсагы. Көзүң ооруса — колуңду тый, ичиң ооруса — тамагыңды тый (макал). - 2. Курулуштун, имараттын, көлөмдүү нерселердин ички бөлүгү, ички жагы, ички тарабы. Тамдын ичи акталбаган (Жантөшев). Үй ичи жымжырт, электр күйүп турат (Шүкүрбеков).
- 3. Көпчүлүктүн, токойдун ж.б. арасы. Эл ичи чуру-чуу толкуду (Бейшеналиев). Жылтырайт бак ичинен айдын көзү, Узарган алда кайда көлөкөсү (Шүкүрбеков). Душмандын сыртында болгончо, ичинде бол (макал).
- 4. Кийимдин астары, кийимдин өңүнүн экинчи жагы, сыртына карама-каршы жак.
- 5. Белгилүү бир убакыттын, мезгилдин аралыгы. Кыш ичинде. Бир сааттын ичинде.
¨ Ич эт к. эт I. Ичи жылуу — ийигүү, жакшы көрүү, ыраазы болуп калуу. Ичи кең — пейли кенен, кең пейил. Ичи тар, пейли тар — көрө албаган, кызганчаак. Ичи бузук — сыртынан билдирбеген, бирок бирөөгө карата жаман ойлуу, кулк-мүнөзү жаман, бузук. Ичи күйүү — көрө албастык кылуу, ардыгуу. Ичи бышуу —бук болуу, капалануу, кайгы-капа чегүү. Ич өткөк к. өткөк. Ич ачуу — өкүнүп калуу; боору ооруу. Бир күнү жарган бээсине Ээсинин ичи ачыды (Тоголок Молдо). Ичи эзилүү — абдан жакшы көрүп кетүү. Коштошкон айрыларда ысык жардай, Элжиреп ич эзилет, жүрөк туйлап (Элебаев). Ич күптү к. күптү. Ичи ооруу — бир нерсеге жаны ачуу, аяп калуу. Анын кеткенине ичиң ооруп калдыбы? (сүйл.) Ич-койнуна кирүү — тез эле жакындашып, аралашып кетүү. Жолой күндөн күнгө жылкычылардын ич-койнуна кирет (Жантөшев).
ИЧ II этиш. 1. Суюктукту, суюк тамакты жутуу. Жайлоодогу биз ичкен Байтал бээнин бал кымыз (Осмонов). Кымызды ким ичпесин, кызды ким сүйбөсүн (макал).
2. Тамактануу. Тамак ичтик.
¨ Ант ичүү — ант кылуу.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ич