Меню
Эл-Сөздүк

илгич

зат.1. Кур. Эмнегедир белин чечип илгичин колуна кармап алган (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Кийим илип койгуч. Илгичке кийимди илип коюу үчүн жакасынын ич жагына тигилген ичкесинен келген боолук, бүчү. Кийим илгич. Пальтосунун илгичи үзүлүп калыптыр.
  2. 3.                  Эшикти ичинен беките турган же жалпы эле илип коюу үчүн ылайыкталган илмек. [Арнамысов].. барып каалганын илгичин чыгарды (Убукеев). Курчанган кайыш курунун илгичин чыгарды (Жантөшев).
  3. 4.                  Апкеч, суу көтөргүч. Ийниндеги илгичке кош чака көтөрүп келаткан кызыл көйнөк кыз көрүндү («Ала-Тоо»).
  4. 5.                  өт. Алгыр, илгир. Коёндон жапыз сен болуп, куштан илгич мен болуп (Осмонов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: