-
жээк
-
I зат. 1. Бир нерсенин (мис., суунун, көлдүн, жолдун ж.б.) кырка чети, бою; чет жаккы бөлүгү. Көлдүн жээги. Жолдун жээги. Шырдактын жээги. Калпактын жээги.
2. Бир нерсенин кырка чети жана четине кармалган, бастырылган узун тилке нерсе. Жээктери жыртылып эскирген конвертти берип, Люба: — Шашып жазган,
— деди (Сыдыкбеков). Жээк басуу.
¨ Жээги жок — адепсиз, тайманбаган, тартынбаган. Оозуна алы жетпеген жээги жок катындардын Гүлайым жөнүндө сөзү көбөйө берди (Абдукаримов). Таң жээк салды — таң ата баштады, таң шооласы билине баштады.
ЖЭЭК II сын. Чүпүрөктү же кийим-кечени чайнап, жеп жибере турган (уйга карата). Жээк уй. Жээк музоо.
Найдены по другим направлениям
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жээк