-
жаздык
-
I зат. Ичине куштун жүнү ж.б. салынып жасалган башка жаздалуучу буюм. Куш жаздык. Мамык жаздык.
¨ Өз жаздыгын өзү ала жатуу — өзү өлө турган болгондон кийин бирөөдөн өчүн ала жатуу, өзү менен кошо кас адамын да өлүмгө учурата кетүү. Көз жаздыгы — көздүн асты. Көз жаздыгы шишик тарткан чарчысы Жүрөгүнө колун басып сүйлөдү (Аалы).
ЖАЗДЫК II сын. 1. Жазга тиешелүү, жазга арналган. Адамдар жаздык кийимдерин кийишти.
2. Жазында айдалган; жазгы. [Жапарлар].. шоссе жолдун үстүндөгү жаздык буудайга келишти (Баялинов). Күздүгүң гүлдөп баш алсын, Жаздыгың жайнап жашарсын (Калык).
Найдены по другим направлениям
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жаздык