аңылда этиш. 1. Катуу кыйкыруу. Аңылдап ыйлады. Аңылдап ырдады. 2. Ээн, бош калуу, ачык туруу. Үй аңылдап ээн турат. 3. Ачык-айрым сүйлөө, ачык болуу, ичине эч нерсе сактабай, жашырбай айтуу, даалдап жүрүү. Аңылдаган киши.