Iзат.1. Бут. [Чолпондун].. күндөгүгө караганда аяк шилтеши да ыкчам болуп кетти (Байтемиров).
2. Ар кандай буюмдардын, мебелдердин жерге тийип туруучу бөлүгү, буту. Столдун аягы. Скамейканын аягы.
3. Акыры, соңу. Август айынын аяк чени. Каныбек мукамдуу обонду салып, аягын созолонтуп барып бүтүрдү (Жантөшев).
♦ Аягыасмангачыгуу — быт-чыт болуу, таш-талканы чыгуу, кыйроо. Алар кылт коюп башка бирөөлөргө кошулуп кетишсе, биздин аягыбыз асманга чыгат (Жантөшев). Аякылоо — минип жүрүүгө жарай турган начарыраак унаа. Ат табылганча аяк ылоо (макал). Аякбасуу — белгилүү бир жаштан экинчи бир жашка бет алуу, өтүү. Алтымыш ашып жетимишке аяк баскан кезим бул («Эр Табылды»). Аягысайтаппоо — бир жерге байыр алып токтобоо, бир жерге турбоо. Аягыменентиктуруу — алы-жаны калбай, кызмат көрсөтүү, кызмат кылуу. Билесиң Назар досуңду Аягы менен тик турат (Барпы). Жалгызаякжол — бир киши гана жүрө турган тар жол. Кераякжетерсаяк — каяшачыл, тил албаган; кежир. Кырк аяк же миң аяк — көп буттуу курт-кумурсканын бир түрү. Аякөөдө — төмөндөн жогору, ылдыйдан өөдө карай; аяк жагынан башталган жагын карай. Көчөттү аяк өөдө отургузуп келатышкан Сабырлар бул кезде аянттын башына чыгып калышкан (Сыдыкбеков). Баштанаяк — башынан аягына чейин; бүт.
АЯКIIзат. Жыгачтан тегерек оюп жасалган идиш. Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет (макал). Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө (макал).
♦ Итаяк — итке тамак куюп берилүүчү. идиш. Жанаяк— 1) жол жүргөндө алып жүрүүчү аяк; 2) насыбай ийлөө үчүн жыгачтан оюп жасалган идиш. Ажырашаяк — башка жакка көчүп кетүү алдында жолдош-жоролоруң, тааныштарын чакырып берген тамак.
АЯКIIIтакт. сүйл. Ал жак, ошол тарап, башка жак. Ашым аяктан келе элек.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как аяк
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
3Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 3 + 0? Ответ:
Отправить