Меню
Эл-Сөздүк

ачыш

I этиш. Дүүлүктүрүүчү, ачуу таасирден улам сезүү органдары тызылдап дүүлүгүп чыгуу. [Динардын].. көздөрүнүн кычыктары ачышып, каректерин жаш чайды (Сыдыкбеков).
Ичи ачышуу же жүрөгү ачышуу — ичи күйүү, ичинен сызуу, аянычтуу сезүү, аёо. Эртең саякатка барбай калсак жаман болду деп ичи ачышты (Сыдыкбеков). Ансайын жигиттин жүрөгү ачышат (Сыдыкбеков).
АЧЫШ II ач этишинин кош мамилеси.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: