ана |
♦ Ана башы — башчысы; эн биринчиси. АНА II ат. Тигине, мына. Колхоздун мал жайытынан баштап, ана, эгин талааларына чейин көз алдыңарда! (Сыдыкбеков). Жигиттин сугун суктанткан бала, Ырдаган ырын уксаңыз ана (Осмонов). ♦ Ана-мына нерселер — ар түрдүү нерселер, майда-чуйда нерселер. Ана-мынаны көтөртүп алып барам (Жантөшев). Ана-мына сөз же ана-мына дешүү — өйдө-төмөн айтылган сөздөр, ар кандай айтылган сөз же өйдө-төмөн айтышып калуу. Ана-мына деп акылдан адашпайлы (Турусбеков). Ана-мына дегиче — ары-бери, дароо. Ана-мына дегиче, Ачып көздү жумгуча, Айлына жетип келгени («Эр Төштүк»). |
Получить все переводы слова - "ана" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ана" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ана"?
Ввойти