Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - шайкештик
  • шайкештик
  • шайкештик режими
  • шайкештикти текшергич
 

шайкештик

 
compatibility
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов:(бета) шайкештик

КыргызскийАнглийский
Банктын ордун жабуучу (регулятивдүү) капитал – бул, жөнгө салуучу органдардын талаптарына ылайык, уюмдар тобокелдиктердин орун алышынан улам, келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуулардын ордун жабуу үчүн ээ болууга тийиш болгон капитал.
Мындай капиталга төмөнкүлөр кирет:
Банктын өздүк капиталы – банк ээлеринин менчиги болуп саналган ар кандай багыттарга жумшалуучу жана банк ишинин экономикалык өз алдынчалыгын жана туруктуулугун камсыз кылган каражаттар жыйындысы. Банктын өздүк капиталына уставдык капитал, камдык капитал, уюштуруучулардын пайдасы, кошумча капитал кирет.
Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарына ылайык, капиталдын шайкештик коэффициенттерин эсептөө үчүн банктын капиталы: биринчи деңгээлдеги жана экинчи деңгээлдеги капитал болуп бөлүнөт.
а) Биринчи деңгээлдеги капиталдын түзүмүнө: төлөнгөн уставдык капитал, номиналдан үстөк салынган капитал, кошумча капитал, банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар, өткөн жылдарда бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгымдар) кирет. Биринчи деңгээлдеги капиталдан материалдык эмес активдерди эсептеп алып салуу аркылуу, биринчи деңгээлдеги таза капиталды алууга болот. б) Экинчи деңгээлдеги капиталдын түзүмүнө: өтүп жаткан жылдын пайдасы, активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга жалпы камдар, сатууга боло турган жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды алгылыктуу кайра баалоо боюнча камдар жана чет өлкө валюталарын алгылыктуу кайра баалоолор, субординацияланган карыз кирет.
в) Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасынан банктын туунду уюмдарына, башка банктарга жана финансы мекемелерине инвестицияларды (акция же капиталга үлүштүк катышуу түрүндөгү) эсептеп алып салуу аркылуу таза суммардык капиталды алууга болот.
Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза суммардык капиталдын мааниси банктын капиталынын шайкештигин жана башка экономикалык ченемдерди эсептөөдө колдонулат.
.

Получить все переводы слова - "шайкештик" по направлению Кыргызский-Английский.
Найти все переводы слова "шайкештик" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "шайкештик"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru