Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АРАБАЕВ Ишеналы
  • АРАБАЕВ Ишеналы
 

АРАБАЕВ Ишеналы

 
АРАБАЕВ - Ишеналы (1882, Кочкор р-ну – 1933, Ташкент) – кыргыздын биринчи мугалими, алгачкы агартуучу, коомдук ишмер, туңгуч «Алиппенин» автору. А. өзү туулган аймактагы кат билген кишилерден, молдолордон окуп, сабаты ачылгандан баштап, Кочкор өрөөнүндөгү айылдарда мугалим болуп, бала окутуп, агартуу ишинин ардактуу жана татаал жолун беттеп чыккан. 1907-ж. А. Түркиянын Константинополь шаарына келип, окууга кирет. Анда бир аз окуп, кийин Тегеран, Багдад ш-ларын басып өтүп, Мекеге жеткен. Билим издеп, Оренбург, Казань, Уфа шаарларына барган. 1910–13-ж. Уфа калаасындагы дин сабагы менен катар европалык үлгүдө илим-билим үйрөткөн «Медресе Галия» окуу жайында окуган. Мында Сарсакеев деген казак студент менен биргелешип, биринчи жолу кыргыз, казак балдарына арналган «Алип-бээ жаки төтө окуу» аттуу окуу китебин жазып, 1911-ж. жарыкка чыгарган. Ушуга удаа эле «Жазуу өрнөктөрү» (сулуу жазуунун үлгүлөрү) деген китепти да жаратып, 1912-ж. Оренбург ш-дагы «Вакыт» басмасынан чыгарган. 1914-ж. «Медресе Галияны» бүтүп келип, мектеп ачып, балдарды окутканда, өзүнүн китептерин чоң ийгилик менен пайдаланган. 1916-ж. кандуу каргашанын айынан мектепти, эл-жерин таштап, Кытайга качууга аргасыз болгон. 1917-
ж. Окт. рев-ясынын жеңиши менен ал Кытайдан тууган жерине кайтып келген. А. эки эселеген кайрат менен мурдагыдан да активдүү иштей баштаган. Шериктештери менен бирдикте кыргыз алфавитин түзүп, мындан соң «Алип-бээ» (Ташкент, 1924), «Кыргыз алип-бээси» (1925), «Жазуу жолунда саамалык» (1925), «Сабатсыздыкты жоюу куралы» (1925), «Жаңылык» (Х. Карасаев менен бирдикте, 1928), «Биздин мектеп, балдар үчүн алип-бээ» (1930), «Эл адабиятын жыйноочуларга колдонмо» (1931), «Табият таануу» (Д. Исмагунов менен бирдикте, 1932) аттуу учурунда эл үчүн абадай зарыл окуу китептерин, окуу колдонмолорду жазып тартуулайт. А. жалаң эле окуу куралдарын жазуу менен чектелбестен, 1918–24-ж. Түркстандын Жети-Суу областында ар түрдүү жооптуу кызматтарда иштеген. Мугалимдерди даярдай турган алгачкы курстарды уюштурган. Ал кыргыздын туңгуч газетасы «Эркин-Тоонун» биринчи номерин чыгарууга да активдүү кол кабыш кылган. Тилекке каршы, негизсиз саясий айып коюлуп, акыры 1925-ж. «эл душманы» деп ак жерден күнөөлөнүп, камакка алынган, 1933-ж. Ташкенде түрмөдө каза болгон.

Получить все переводы слова - "АРАБАЕВ Ишеналы" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "АРАБАЕВ Ишеналы" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АРАБАЕВ Ишеналы"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru