Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АНКЕТАЛЫК МЕТОД
  • АНКЕТАЛЫК МЕТОД
 

АНКЕТАЛЫК МЕТОД

 
– айрым пед. жана психологиялык маселелерди чечүү үчүн материал топтоп, андан кийин аны математикалык статистика жолу менен талдап чыгуу максатында бир нече кишилерге атайын түзүлгөн схема–суроолор берип чечүү. Кээ бир массалык факттарды айкындоодо, адамдардын өз ара катнашын баалоодо, кээ бир факт ж-дөгү коомчулуктун ой-пикирин үйрөнүүдө, социологиялык изилдөөлөрдө А. м. кеңири колдонулат. Ал аңгеме методуна көп окшош: бул методдордун экөөндө тең суроолор коюлуп, аларга жооптор алынат. Бирок, аңгеме методуна караганда А. мдо суроолордун жана жооптордун логикалык конструкциясы эч өзгөрүлбөй туруктуу бойдон калат, аңгемеде болсо суроолордун коюлушу жана аларга берилүүчү жооптор эркин түрдө болот. Аңгеме методунда аны өткөрүүчү адамдан эң чоң устаттык, терең билим, эрудиция, теориялык мыкты даярдык жана адамды өзүнө тарта билүү сыяктуу бир катар сапаттар талап кылынат, ансыз аңгеме методу менен эффективдүү жыйынтыкка жетишүүгө болбойт. А. м-до болсо негизги кыйынчылык суроолорду туура тандап формулировкалоодо турат. Бул методдогу иштин эң негизгиси суроолорду билгичтик менен коюп, аларга берилүүчү мүмкүн болгон жооптордун стандарттуу вариант-тарын туура аныктоо керек. Эгерде үйрөнүлүп жаткан фактыны, окуяны же кубулушту баяндоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды толук ичине камтыган суроолордун тизмеги түзүлгөн болсо, анда ал түзүлгөн анкета боюнча керектүү маалыматтарды ар кандай эле киши топтоп ала алат, ал гана эмес анкетаны почта аркылуу таратып, каалаган территориялардагы адамдардан да анын суроолоруна тиешелүү жоопторду алууга болот. Мазмуну боюнча анкетада берилүүчү суроолор түз жана кыйыр суроолор деп эки топко бөлүнөт. Мис., эгерде суроо «Сизге мугалимдик профессия жагабы?» деп берилсе, анда бул суроо түз мааниде берилет. Ошол эле суроону «Мугалимдик профессия жакшы профессиялардын бири деген ойго сиз макул боло аласызбы?» деп кыйыр мааниде да коюу ылайыктуу. Биринчи учурда изилдөөчүнүн аталган адистикке болгон кызыкчылыгы суроонун мазмунунда кошо камтыган. Экинчи учурда болсо изилдөөчүнүн кызыкчылыгы суроонун мазмунуна карама-каршы келип жатат.
Формасы боюнча анкетада берилүүчү суроолор ачык жана жабык болушу мүмкүн. Эгерде анкетадагы суроолорго жооп берүүнүн жолдору инструкция менен чектелбесе, б. а. күтүлүүчү жооптор алдын ала аныкталып берилбесе, анда андай суроолорду ачык формадагы суроолор дешет. Мис., «Сиз өзүңүз тандап алгыңыз келген профессиянын атын жазыңыз» деген ачык суроого жооп берүүчү киши анкетага өзү билген профессиялардын каалаганынын атын жаза алат. Жабык суроолордо болсо жоопторду тандап алуу мүмкүнчүлүктөрү анкетаны түзүүчү тарабынан алдын ала белгиленген варианттардын саны менен чектелген болот. Мис., «Берилген тизмедеги профессиялардын сиз кайсынысын тандап алар элеңиз? Ошол профессиянын астын сызып коюңуз» деген жабык суроого жооп берүүчү киши дал ошол тизмеде көрсөтүлгөн гана профессиялардын бирөөнү сызып көрсөтөт, андан башка эч бир профессияны көрсөтө албайт. Ачык формадагы суроолорго караганда жабык формадагы суроолорду математикалык статистика жолу менен иштеп чыгуу жеңил болот.

Получить все переводы слова - "АНКЕТАЛЫК МЕТОД" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "АНКЕТАЛЫК МЕТОД" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АНКЕТАЛЫК МЕТОД"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru