Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Масти животных
  • Масти животных
 

Масти животных

 
(биол.) малдын жана айбандардын түстөрү; табиятта айбанаттын түсү эң көп, булардын боёгун сүрөттөөгө термин жетишпейт. Ошондой болсо да, кыргыздар малдын жана үй айбандарынын түстөрүн жакшы ажыратып келишкен, кала берсе, айбандын түрүнө жараша түсү да бөтөнчө айтылган, бул жагынан кыргыздын терминдери орустуку менен толук туш келбейт, маселен "белая масть" кыргызча бодого ("ак уй", "ак өгүз"), кой-эчкиге ("ак кой", "ак эчки"), эшекке ("ак эшек"), мышыкка ("ак мышык"), куштарга ("ак каз", "ак тоок", "ак күрп", "ак кептер" ж.б.) гана туура келет, бирок жылкыны: "ак ат", "ак бээ" дебестен "боз ат", "боз бээ", итти: "ак дөбөт", "ак канчык" дебестен "куу дөбөт", "куу канчык" ("куба дөбөт", "куба канчык") дешет, ал эми күчүктү "ак күчүк" деп да аташат. Төмөндө айбандардын көп кезигүүчү түстөрү берилди, бул түс кайсы айбанга таандык экени даана болуу үчүн кашаанын ичинде айбандын түрү да көрсөтүлдү. Масть белая —
1. ак түс (бододо, койдо, эчкиде, эшекте, чочкодо, мышыкта, тоокто, казда жана ушул сыяктуу күчүктө),
2. боз түс (жылкыда),
3. Куу түс, куба түс (итте, карышкырда); м. барсовая — чаар (жыдкыда); м. буланая — кула (жылкыда); м. булано-пегая — кулала (жылкыда); м. бурая — күрөң (бододо, жылкыда); м. буро-чалая күрөңбуурул (жылкыда); м. буро-чубарая — күрөңчаар (жылкыда); м. вороная — кара (жылкыда); м. вороно-пегая — карала (жылкыда); м. вороно-чалая — карабуурул (жылкыда); м. вороно-чубарая — карачаар (жылкыда); м. гнедая — тору (жылкыда); м. гнедо-пегая — торала (жылкыда); м. гнедо-чалая — торубуурул (жылкыда); м. гнедо-чубарая — торучаар (жылкыда); м. голубая — көк (түлкүдө); м. дымчатая — көк (бододо); м. игреневая — чабдар (жылкыда); м. изабеловая — кулажээрде (жылкыда); м. караковая — каракер (жылкыда); м. каряя — коңур (жылкыда); м. каурая — сары тору (жылкыда); м. калюная — куйкулсары (жылкыда); м. красная — кызыл (бододо, тоокто); м. красно-гнедая — чийкилтору (жылкыда); м. красно-пестрая — кызылала (бододо); м. мухортая — кер (жылкыда); м. мышастая — сур (жылкыда, бододо, эшекте); м. палевая — мала (бододо); м. палево-пестрая — сарала (бододо); м. пегая — ала (жылкыда); м. пестрая — 1. Ала (бододо, итте), 2. чаар (тоокто ж.б. куштарда); м. подвласая — 1. кер (итте), 2. Сары (итте, түлкүдө); м. рыже-пестрая — сарала (итте); м. рыже-чалая — кызылбуурул (жылкыда); м. рыже-чубарая — жээрдечаар, кызылчаар (жылкыда); м. саврасая — аккула (жылкыда); м. саврасо-пегая — сарала (жылкыда); м. светло-буланая — к. м. саврасая; м. светло-гнедая — сарытору (жылкыда); м. светло-рыжая — к. м. изабеловая; м. светлосерая — акбоз (жылкыда); м. серая — 1. Боз (жылкыда), 2. куба (итте, карышкырда); м. серая в яблоках — темгил көк (жылкыда); м. сивая — карабуурул (жылкыда); м. соловая — сары (ак жал сары, жылкыда); м. темнобуланая — керкула (жылкыда); м. темногнедая — каратору (жылкыда); м. темнорыжая — күрөң (жылкыда); м. темно-серая — каракызыл (жылкыда); м. тигроидная — таргыл (жылкыда, бододо); м. чалая — 1. Буурул (жылкыда), 2. көк (бододо, эчкиде); м. черная — кара (уйда, итте, койдо, эчкиде, илбээсиндерде ж.б.); м. черно-пестрая — карала (бододо, эчкиде, койдо, итте, тооктордо, күрптөрдө, чочкодо ж.б.); м. чубарая — чаар (жылкыда).
Перевести через онлайн Переводчик

Получить все переводы слова - "Масти животных" по направлению Русский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Масти животных" на Русском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Масти животных"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru