Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Пенсиялык фондулар

Жарандардын өз эрки боюнча пенсиялык камсыздалышы үчүн түзүлгөн, өз алдынча, мамлекеттик эмес институционалдык бирдиктер. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондулар мамлекеттик пенсиялык камсыз кылуу системасынан көз карандысыз ага кошумча иш алып барат. Жеке адамдардын пенсиялык келишимдердин негизинде өз эрки боюнча мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздалышы пенсиялык фондулардын өзгөчө иш багытынан болуп саналат. Пенсиялык фондулардын иши, пенсиялык төлөмдөрдү топтоодон, пенсиялык милдеттенмелердин эсебин жүргүзүүдөн, мамлекеттик эмес пенсиялар өлчөмүн арттыруу жана аларды төлөп берүү максатында, пенсиялык активдерди жайгаштыруудан көрүнөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: