Номиналдык нарк |
2) Карыз алуучу кредиторго кайсыл болбосун убакытта берүүгө тийиш болгон сумма; бул сумманын өлчөмү көпчүлүк учурда дебитор менен кредитор ортосундагы контракт шарттарына ылайык аныкталат. Карыздык инструменттин номиналдык наркы карыз келип чыккан учурдагы анын наркын, ошондой эле операциялар (мисалы, карыздын негизги суммасын төлөө), кайра баалоого байланыштуу өзгөрүүлөр (рыноктук баанын өзгөрүүсүнөн көз карандысыз) ж.б. өзгөрүүлөр сыяктуу орун алган кандай болбосун экономикалык агымдарды чагылдырат. Концептуалдуу көз караштан алганда, карыздык инструменттин номиналдык наркы ошол инструмент боюнча колдонулуп жаткан келишимдик чен (чендер) боюнча пайыздардын жана негизги суммалардын келечекте төлөнүшүн дисконттоо аркылуу эсептелиниши мүмкүн. Акыркысы катталган же өзгөрүлмөлүү болушу ыктымал. Баанын баштапкы мааниси, адатта акча белгилеринде, баалуу кагаздарда көрсөтүлүүчү нарктын так өлчөмү. |
Получить все переводы слова - "Номиналдык нарк" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Номиналдык нарк" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "Номиналдык нарк"?
Ввойти