Меню
Эл-Сөздүк

Ликвидность

1) Финансылык активдин мүнөздөмөсү жана ал нак акчага аны которууда келип чыккан чыгымдарды чагылдырат; 2) финансы рыногунун өнүгүү деңгээлин чагылдырган мүнөздөмө. Ликвиддүү рынок операциялар көлөмүнүн жогору экендиги, баа туруктуулугу, спрэд деңгээлинин салыштырмалуу төмөндүгү менен мүнөздөлөт; 3) уюмдун өзүнүн утурумдук милдеттенмелерин (төлөмдөрүн) тейлөө жөндөмдүүлүгү; 4) финансы-кредит мекемелеринин, корпорациялардын, акча рыногунун же капитал рыногунун, улуттук экономиканын ичиндеги же дүйнөлүк экономикадагы нак акча каражаттары; 5) активдерди тез арада жана анын баасына олуттуу таасир этпестен, ири көлөмдө сатып алуу же сатуу мүмкүнчүлүгү. Инструменттерге карата алганда, ликвиддүүлүк дегенден улам, наркынан олуттуу жоготууларсыз активдерди нак акча каражатына тез айлантуу мүмкүнчүлүгүн түшүнүү зарыл.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Ликвидность

Русский Кыргызский
Ликвидность банка – способность банка погасить в срок обязательства, определяется соотношением и структурой активов и пассивов банка. Банктын ликвиддүүлүгү – милдеттенмелердин ордун мөөнөтүндө жаба алууга банктын жөндөмдүүлүгү, ал банк активдеринин жана пассивдеринин катышы жана түзүмү менен аныкталат.

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: