Меню
Эл-Сөздүк

Активы

(латын тилинен алынган activus деген сөз – таасирдүү).
1) бул аларга ээлик кылуучулардын, ээ болгондордун каражаттары жумшалган, чарба жүргүзүүчү субъектке тиешелүү мүлктөрдүн жана акча каражаттардын (имарат, курулма, машиналар жана жабдуулар, материалдык запастар, банктык аманаттар, баалуу кагаздарга салымдар, патенттер, автордук укуктар ж.б.) жыйындысы. Активдер материалдык (көзгө көрүнгөн) жана материалдык эмес (көзгө көрүнбөгөн) болуп бөлүнөт. Материалдык эмес активдерге интеллектуалдык эмгектер, патенттер, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздык милдеттенмелери, ресурстарды пайдаланууга өзгөчө укуктар кирет; 2) баланс активи – бул, чарба жүргүзүүчү субъектке тиешелүү акча түрүндөгү материалдык жана материалдык эмес баалуулуктарды, алардын курамын жана жайгаштырылышын чагылдырган, ишкананын бухгалтердик балансынын бөлүгү; 3) финансылык талап же нарктын сакталып турушун камсыз кылган каражат катары кызмат кылган менчик үлүшү.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Активы

Русский Кыргызский
Активы хозяйственных товариществ и обществ Чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкү
Активы, рассчитанные с использованием понижающих коэффициентов, отражающих уровень их рискованности и вероятность дефолта. Тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин жана дефолт орун алышы ыктымалдуулугун чагылдырган төмөндөтүүчү коэффициенттерди пайдалануу менен эсептелинген активдер.
Активы партнерства, которые остаются после уплаты долгов товарищества распределяется между членами партнерства пропорционально их долям в общем имуществе. Шериктикти жоюуда шериктиктин карыздарды тындыруудан кийин калган мүлкү шериктиктин мүчөлөрүнүн ортосунда алардын жалпы мүлктөгү үлүшүнө жараша бөлүштүрүлөт.
Активы, приравненные к кредитам, – это активы, а также забалансовые обязательства, как в сомах, так и в иностранной валюте, которые несут в себе кредитный риск. Кредиттерге теңештирилген активдер – бул, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, сом түрүндө сыяктуу эле, чет өлкө валютасындагы активдер, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелер.

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: