Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Зекет

Зекет (ар. зякат) – «тазалануу» үчүн мусулмандар төлөй турган салык. Анын милдеттүүлүгү ыйык Куранда, көлөмү менен өндүрүш шарттары шариятта көрсөтүлгөн. Зекет адегенде Мухамбет пайгамбардын үй-бүлөсүнө жана кембагалдарга, жолоочу-мусапырларга жана «ыйык согушка» (газават, жихад) катышкандарга жардам иретинде берилген. Мусулман өлкөлөрүнө зекет мусулмандардан гана мал, кол өнөрчү буюмдары, акча, кымбат баалуу мүлк түрүндө алынган. Азыркы мусулмандарда зекет өз ыктыяры менен дин кызматкерлерине берилет (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 183-б.).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: