|
Комуз
|
|
Комуз – чертме кылдуу музыкалык аспап. Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптарынын негизгилеринин бири. Комуз байыркы мезгилден бери белгилүү жана анын пайда болушун элдик уламыштагы аңчылык менен байланыштырат. Комуз өрүктүн, алмуруттун, карагайдын, арчанын, жапан талдын жыгачынан негизги бөлүгү алмурут түспөлдөнтүп чабылат. Ал баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат. Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн жасалат, ал эми кылдары көбүнчө койдун ичегисинен жасалган. 20-к. аспаптар оркестринде пайдалануу үчүн комуздун модернизацияланган түрлөрү пайда болду. Кылдары да жасалма жиптен тагылып калды. Азыр комуздун өркүндөтүлгөн беш түрү бар. Электр-комуз да колдонулуп жүрөт. Айрым усталар мурдагыдай туюк чапай, курама жол менен да жасап жатышат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 245-б.).
|