Меню
Эл-Сөздүк

Зыярат

Зыярат – дин. Мазарга, касиеттүү, ыйык деп эсептелген жерлерге ж.б. сыйынуучулук, табынуучулук (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 395-б.). 

Зыярат

Зыярат – мусулмандардын түшүнүгүндө,кыялында бирдеме тилөө, күнөөдөн арылуу, сыйынуу, жооп табуу максатында пайгамбарлардын, машайыктардын, кожо-шайыктардын ысмына байланышкан жергиликтүү мазарларга, тоо-таштарга атайылап барып, зыярат жасоо… Эл арасында ыйык деп аталган жерлерге оорудан, ар түрдүү илдеттен арылуу үчүн, баласыздар болсо Жараткандан перзент тилегени, ооруга шыпаа издегени барышат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 187-б.).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: