Меню
Эл-Сөздүк

КӨЧҮРМӨ

КӨЧҮРМӨ — түп нуска деп эсептелген текстти толук чагылдырган кол жазма. Манастаанууда К. өзгөчө мааниге ээ. К. түп нусканы толук эмес, анын айрым үзүндүсүн, бөлүгүн гана чагылдырышы да мүмкүн (мисалы, Сагымбай Орозбаков вариантынын «Көкөтөйдүн ашы» бөлүгүнүн К-сү делип айтыла берет). «Манас» адеп жыйнала баштаган убактан тартып эле анын К-лөрү жаратыла баштаган. Ы. Абдыракманов Сагымбай Орозбак уулунун вариантын жазып жатканда анын жанында К. жасоо үчүн атайын адамдардын отургандыгы белгилүү. Ошондой эле К. Мифтаков да анын көпчүлүк бөлүгүн кайра көчүрүп чыккан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын 20—30-жылдардагы К-лөрү азыр да Кол жазмалар фондусуна түшүп жатат.
Манастаанууда К. жана вариант деген түшүнүктөрдү ажыратуу кээде атайын изилдөөнү талап кылат. Мисалы, Тоголок Молдо «Манастын» эпизоддорун өз колу менен бир нече ирет жазып чыккандыгы белгилүү. Манасчынын ар бир айтканы (Тоголок Молдодо жазганы) өзүнчө вариант болуп калышы да мүмкүн (к. «Манастын варианттары). Ошондой эле мурдагы жазылган даяр тексттен сөзмө-сөз көчүрсө, К. катары бааланууга тийиш.
Кол жазмалар фондусунда «Манастын» ар бир вариантынын түрдүү көчүрмөлөрү сакталып турат. Араб, латын, орус арибиндеги К-лөр менен бирге фотожазуу, фотокөчүрмө түрүндө сакталган нускалар бар. Изилдөөчүлөр пайдалануу үчүн даярдалган жумушчу К-лар да Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.
С. Кайыпов

Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокөчүрмө
Множ. числокөчүрмөлөр
Синонимы
сүрөт
Связанные слова
көчүр
Склонение по падежам - "көчүрмө"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?көчүрмө
Родительный Чей?көчүрмөнүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?көчүрмөгө
Винительный Кого?, Что?көчүрмөнү
Местный Где?, У кого?көчүрмөдө
Исходный Где?, У кого?көчүрмөдөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?көчүрмөлөр
Родительный Чьи?көчүрмөлөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?көчүрмөлөргө
Винительный Кого?, Что?көчүрмөлөрдү
Местный Где?, У кого?көчүрмөлөрдө
Исходный Откуда?, От кого?көчүрмөлөрдөн

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: