Menü
Эл-Сөздүк

КЫЗЫР

КЫЗЫР, Кыдыр (арабча хызыр — жашыл деген мааниде) — адамдарга жакшылык кылуучу олуя. Түрк, иран элдеринин жомокторунун байыркы кейипкерлеринин бири, көбүнчө жашыл тончон, ак ат минген аксакал карыя түрүндө сүрөттөлөт. Бул табышмактуу пайгамбар өлбөстүн дарысын издеп, акыры мүрөктүн суусунун булагын тапкан экен. Орто Азия элдеринин түшүнүк, ишениминде К. түбөлүк жер кезүүчү, адашкан жолоочуларга, кедей-кембагалдарга жана кыйын кезеңге туш келген бардык пенделерге жардам көрсөтөт. К. жолоочу дубана, майып киши, кээде тааныш кишинин кебетесинде кездешет. К-ды оң колун кармап, анын баш бармагынын сөөгү жок экенинен таанууга болот деп эсептешкен. Түрк элдеринин эпосторунда К. акылман карыя, баатырлардын колдоочусу катары айтылат. «Манас» эпосунда бул кейипкер баш каарман Манаска, башка элдик баатырларга колдоо көрсөтүүчү катары учурайт.


Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: