Меню
Эл-Сөздүк

КЕНТ

КЕНТ — топоним. К. эпостогу «Манас жолдоштору менен салбырынга барганы» деген окуяда: «Нуукер деген башчысы, Кент калаанын жакшысы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 244),— деп айтылат. Контекст боюнча К. шаардын, калаанын аты. Бирок, К. перси тилдеринде шаарды, калааны билгизген. Демек, жогоруда көрсөтүлгөн эпостун саптарындагы К. белгилүү бир шаардын энчилүү аты эмес калаа, шаар деген жалпы аталыштын синонимдери. Айырмасы калаа деген сөз арабдардан, К. перси тилинен алынып эки сөз катары менен «Манас» эпосунан орун алган. Орто Азиядагы көп шаарлардын атынын составдуу бөлүгү (Ташкент, Жаркент, Чымкент жана башкалар).


Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: