Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КАН
  • КАН
  • КАН ТАЛООН
  • КАН ТАРТУУ
  • КАН ТҮШҮШ
  • кан чилдер
  • кан-
  • КАН-ЖАЙЛАК
  • КАН-ТОО
  • кана
  • кана-
  • канаат
  • канааттан
  • канааттан-
  • канааттандыр
  • канааттандыр-
  • канааттандырардык
  • канааттандырарлык
  • канааттандырарлыксыз
  • канааттандыруу
  • канааттануу
 

КАН

 
КАН (кыт. хуан — император, башкаруучу; маньч. «хаан», моңг. «хаан», алт. «каан» — башкаруучу, жол башчы) — элдин сүйлөө тилинде да, башка фольклордук чыгармалар менен бирге «Манас» эпосунда да кеңири колдонулган титул. К. кытай тилинен алтай тобундагы элдердин (түрк-моңгол, тунгус, манжур) тилдерине эң байыркы мезгилде кытайдын «хуан» (башчы, башкаруучу) деген сөзүнөн өздөштүрүлгөндүктөн ал элдердин мифологиялык персонаждары да К. деген титул менен аталат. Мисалы, Теңиркан, Күнкан, Бууракан жана башкалар Кытайдын «хуан» (мамлекетти башкарган адамдын титулу) деген титулдук терминин уруулук-жамааттык түзүлүштө жашаган уруулар өздөштүргөндө социалдык абалынын деңгээлине жана коомдук мамилелерине болгон түшүнүгүнө карата семантикалык мааниси өзгөрүлүп кабыл алынган. Себеби, али таптык коом калыптана элек болгондуктан уруулук коллективдин ички мамилелерине ылайык уруу башчысы (уруу аксакал) ушул титул менен аталган деп айтууга болот. Ал эми уруулук-жамааттык түзүлүштөн алгачкы феодалдык мамилелерге өтүүдөгү өткөөл мезгилге (согуштук демократия) да К. деген термин уруулар союздагы күчтүү уруунун башчысына, ошондой эле жеке уруулардын башчыларына да титулдук мааниде колдонулат. Патриархалдык-феодалдык мамилелер пайда болуп, территориялык жактан ар башка уруулардын биригип, уруулар союзунун негизинде өзүнчө эл болуп түзүлгөн кырдаалда «кан» деген титул жалпы элдин башчысын түшүндүрөт. Ал эми феодалдык типтеги мамлекеттик биригүүлөр пайда болгон процессте К-дын семантикалык мааниси дагы кеңейип, мамлекеттин башкаруучуларына берилген. Демек, тапсыз коомдо эле пайда болгон бул титулдук термин узак эволюциянын негизинде мааниси өзгөрүп таптык коомдо үстөмдүк кылган таптын бийлөөчүсүнө да мансаптык даража катарында колдонулган.
«Манас» эпосунда К. «уруу башчысы», «элдин башчысы», ошондой эле «мамлекеттик биригүүнүн башчысы» сыяктуу ар башка мааниде айтылат. Албетте, эпикалык тексттердеги К. деген терминди контексттеги маанилерине карата элдик (оң жана терс) түшүнүктө жана аны көркөм-эстетикалык сапатына жараша түшүнүү. «Манас» эпосундагы кыргыз элинин душмандарынын башчылары да «кан», «падыша», «төрө» деген титулдар менен аталат, ошондой эле элди-жерди басып алууга аракеттенген баскынчыларга каршы күрөшкөн патриот элдик башчыларга да ушул эле титул катарында колдонулат: «Каспаңдагы кан Коңур Каары катуу оңбогур» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 292-б.). «Кан Манастын башына Жыгалуу бөрктү кийгизди» (Сагымбай Орозбаков, 2. 27). Ушул сыяктуу эле башка негизги каармандарга да бул титулдук терминдер колдонула берет. Эпосто кыргыз урууларынын ар биринин башчылары да, уруулардын бириккен топторунун (арыш) башчылары да, жалпы кыргыз урууларынын башчысы, коңшу жашаган уруулардын башчылары да, душман элдеринин башчылары да К. деген титулдук наам менен атала берет. Мисалы, Катагандын кан Кошой, Казактардын кан Көкчө же Букардын каны, Оогандын каны, эпикалык душмандар жөнүндө Бээжиндин каны Коңурбай жана башкалар Эпостогу К. термининин эволюциясы жөнүндө Сагымбай Орозбаковдун вариантында талдоого ала турган бир факт бар. Бээжинге жортуулга аттанар алдында шарт боюнча бир кишини (башчы) көтөрүү керек болот. Ошондо Манас өзүнүн сунушун айтат: «Аксакал Бакай абамды, Калк агасы бабаңды Кан көтөрсөк кантет» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 584-инв., 121-б.). Мындай салт моңгол элдеринде да болгондугу белгилүү. Демек, бул (кан көтөрүү) аталык уруулук жана уруулар союзунун (арыш) шарттарындагы салттуу эреже экендигин айгинелейт.
А. Абилов

Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокан
Множ. числокандар
Склонение по падежам - "кан"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кан
Родительный Чей?кандын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?канга
Винительный Кого?, Что?канды
Местный Где?, У кого?канда
Исходный Где?, У кого?кандан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кандар
Родительный Чьи?кандардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кандарга
Винительный Кого?, Что?кандарды
Местный Где?, У кого?кандарда
Исходный Откуда?, От кого?кандардан

Получить все переводы слова - "КАН" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КАН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КАН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru