Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

БЕЛДЕМЧИ

БЕЛДЕМЧИ — 1) согуштук кийим; 2) аялдардын белден ылдый тартынчу кийими. «Манаста» согуштук кийим маанисинде гана кеңири айтылат. Согуштук беттешүүдө жоокердин бел курчоосун тизеге чейин октон, найза, кылычтан сактоо максатында кийилет. Эпосто «Белдемчи темир байланып, Бел булуттай айланып...» (Сагымбай Орозбаков, 2. 212),— деп айтылат. Кийиз менен кайыштан кабатталып шырылып жасалат. Сыртына темирдин калкан бөлүкчөлөрү кадалат. Ал чопкут, чарайна, карыпчы жана башкалар кийимдер менен кошо кийилген. Атка минүүгө, кыймылдоого жараша Б-нин алды арты ачык болот.


So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: