Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

БААБЕДИН

БААБЕДИН — эпизоддук кейипкер, Байчоронун атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 195).

БААБЕДИН

БААБЕДИН (Бахауддин деген ысымдын кыргызча аталышы) — легендалык кейипкер, диний уламыш боюнча Бухара шаарын колдоочу пир. Түпкү теги тарыхта белгилүү адам Бахауддин менен байланышкан. Орто Азия мусулман элдеринде ыйык бааланган бул киши ислам дининин таасири аркылуу кыргыз элине Б. деген ат менен белгилүү болуп, колдоочу ыйык образга айланган. Диний мүнөздөгү ырым-жырымда адамдар түрлүү кырсыктан, жамандыктан кутулуу үчүн тилек тилеп же коркунучтуу апаттан аман калгандыгы үчүн Б-ге атап курмандык чалган, ошондой эле жети, тогуз нан Б. берилген. «Манаста» негизги оң каармандардын тагдырына, алардын жоокердик жүрүштөрүнө байланыштуу ар түрлүү кырдаалдарда (жоого аттанарда, жекеге чыгарда, эпикалык душмандын курчоосунда калган учурларда жана башкалар коркунучтарда же түшүндө берилген жакшы, жаман аян, белгилерге карата) Б-ге жардам суроо иретинде кайрылышкан. Мисалы, «Баабединге бата айтып, Коросонго кой айтып, Баабединин бакырып» (Саякбай Каралаев, «Семетей», Кол жазмалар фондусу, 108—109-инв.). Элдик уламыш боюнча Б. өз мезгилинде дыйканчылык кылып, буудай жана буурчак эгип тиричилик өткөргөн, кийин шайы кездемелерге түр, миске оймо-чийме түшүрүү менен кесип кылган. «Манас» эпосунда Б. дыйканчылыктын пири Баба-Дыйкан катары Манас баатырдын буудай эгип мол түшүм алышына колдоо көрсөтөт (Саякбай Каралаев, 1. 174). Б-ге атоо же Б. берүү ырым-жырымы азыркы мезгилге чейин эл арасында сакталып келе жатат.
С. Алиев


So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: