Меню
Эл-Сөздүк

АБАЙ

АБАЙ — эпизоддук кейипкер. Алмамбет менен Көкчөнү араздаштыргандардын бири. Калыстыгы, жалпы эле адамгерчилиги менен элге алынып кеткен Алмамбетти ичи тардык кылып күнүлөшкөн казак бийлери анын таянганы кан Көкчөдөн ажыратуу жөнүндө жыйылып алып өз ара кеңеш курушканда, А. Алмамбеттин издеп келер кишиси жок, өлтүрүп салалы деп кеңеш кошот (Сагымбай Орозбаков, 2. 245).

АБАЙ

АБАЙ — этноним. Көкөтөйдүн керээзинде: «Ай алдына барбасын, Абайга кабар салбасын... Атпай кыргыз журтуна Азапты кылып салбасын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 12),— деп алыскы жерде жашаган мифтик-эпикалык эл катары айтылат.


Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: