МАДЫКАН |
Коом өзгөрүп, мезгилдин өтүшү менен элдин дүйнө таанып билүүсү, көз карашы, түшүнүгү жаңыланат. Жомоктук-мифтик кейипкерлерге карата мамилеси да өзгөрөт. Коомдун өнүгүшүнүн натыйжасында мифологиялык түшүнүктөр өзгөрүүгө учурап, эл чыгармалары да идеялык мазмунуна ылайык жаңы белгилерди сиңирет. Эпостогу ушундай эволюциялык өнүгүүнүн поэтикалык үлгүсү М-дын, Малгундун, Макел дөөнүн образдары. Эпосто М-дын мифологиялык кебетеси жана белгилери толук сакталуу менен ал туруктуу терс кейипкерге айланып, эпикалык душман баатыры катары берилген. Чоң казатта М-дын кол башчылык кылып майданга келиши анын мүнөзүнүн, иш-аракетинин өзгөргөндүгүн айкындайт. Эпосто Манас баатыр менен М. дөө жоокерчилик доордун шарты боюнча чыныгы эрдиктин салтын сактап жекеме-жекеде согушат: Кереп турат Мадыкан, Керилип саят Манас кан, Кебелбей койду Мадыкан. Чочубады зор Манас, Букасына камчы уруп, Оозунан өрт чыгып, Кош колдоп саят Мадыкан, Козголбой турат эр Манас (Саякбай Каралаев, 2. 151). М. дөөнүн шарттуу түрдө өлүүчү жумшак, талуу жери маңдайындагы жалгыз көзү эмес. Манас аны Көк Буканын үстүнөн сайып түшүрүп, Чубак Көк Буканын, Бакай М-дын башын кесип алгандан кийин гана ажал табат. Бирок, М-ды өлтүрүү жоокерчилик доордогу кадимки эле адам душмандардын бирин өлтүрүү сыяктуу көндүм иш эмес. Ал жөнөкөй эле өлө койбойт. Аны түбөлүк өлтүрүү үчүн белгилүү шартты ишке ашыруу керек. Элдик эпостордо М. тибиндеги сыйкырдык касиетке ээ кейипкерди биротоло өлтүрүү үчүн башын денесинен бөлүү керек. Ошондо гана ал мифтик жандык магиялык касиетинен ажырап, кайра тириле албай калат. Жалгыз көздүү жомоктукфантастикалык кейипкерлердин башын кесип өлтүрүү сюжети башка элдердин эпостук чыгармаларында да кеңири учурайт. С. Алиев |
Получить все переводы слова - "МАДЫКАН" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "МАДЫКАН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "МАДЫКАН"?
Ввойти