КӨК-АРГЫН — топоним. Алмамбет Бээжинге бараткан жолдо колду тыныгууга токтотуп, өзү жалгыз чалгынга барып: «Көк жал Алма султанын Бура тартты шол жерде Көк-Аргындын кыядан» (Сагымбай Орозбаков, 4. 155) кайра келет. Географиялык реалияда Жунгариядагы жерлердин бири.